Instagram баракчасындагы фейктерди маалымдоого жол ачылды. Жаңы функция

Күмөн жараткан билдирүүнү жайылтууга атайын хештегдин жардамы менен тыюу салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Instagram колдонуучулар фейк контенттерди кабарлап турган жаңы функцияны ишке киргизет. Бул тууралуу Poynter порталы кабарлады.

Күмөн жараткан контент тууралуу маалыматтан кийин соцтармактын адистери ошол аккаунттун ишенимдүүлүгүн анализдеп чыгышат.

Акаарат келтирген комментарийлер өчүрүлөт! Instagram жаңы функция киргизди
Билдирмеге ылайык, жаңы функцияны менюдан тапса болот. Ал Instagram баракчасын ачканда оң тараптын жогору жагындагы бурчта турган үч чекитти басканда жеткиликтүү болот.

Колдонуучулар ал баскычты басып, кезек менен күмөн жараткан контенттерди "талапка жооп бербейт", "фейк" деп көрсөтүшөт.

Постторду модераторлор кол менен текшерип турат. Мындай маалыматтар өчүрүлбөйт, бирок аларды жайылтууга атайын хештегдин жардамы менен тыюу салынат.