Тоо теке, элик жана камандарды атууга уруксат берилди. Бир шарты бар

Аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылуу сезону башталды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталып, декабрдын биринчи жекшембисинде бүтөт.

Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт
Бул аралыкта тоо теке, элик, каман, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактек түрүндөгү канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилет. Ошол эле учурда агенттик жаныбарларды атууга чектөө киргизген. Ага ылайык, аңчылык сезону маалында 700 тоо теке, 20 элик жана 60 каман атууга болот.

Азыркы тапта Кыргызстанды 41 463 тоо теке, 4 470 элик жана эки миңден ашуун каман байырлайт. Мындан сырткары, өлкөдө Кызыл китепке киргизилген 18 миңден ашуун аркардын үч түрү бар. Алар Марко Поло, Тянь-Шань жана Түндүк аркарлары.