Ооруканага Сапар Исаковду көргөнү жубайы келди. Сүрөт

Исаковду УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кайтарып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ооруканага түшкөн Сапар Исаковду көрүү үчүн Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүнө анын жубайы Малика Арстанбекова келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Ооруканага Сапар Исаковду көргөнү жубайы келди. Сүрөт

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Малика Арстанбекованы жолдошу жаткан палатага киргизбей жатат.

"Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Исаковду УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кайтарып турат", — деди кабарчы.

Сапар Исаковдун жубайы Малика: экөөбүз тең жолугушууну күн санап күтөбүз
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 16-августта, ооруканага түштү. УКМКнын маалыматы боюнча, анын омуртка артериясы кысылып, мээдеги кан айлануусу бузулган. Ал УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.