Эркек аялзатынын кайсы мүчөсүн жактырат? Сексологдун таң калтырган ою

Иликтөөгө катышкандардын арасында аялдардын жамбашына, төшүнө басым жасагандар да бар. Бирок алардын саны жалпы көрсөткүчтүн үчтөн бирин гана түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Москванын психоанализ институтунун профессору Александр Полеев эркектер аялзатынын көбүрөөк жактырган дене мүчөсүн атады. Адистин пикирин 360 телеканалы жарыялады.

Эркектин ала жипти атташына табият күнөөлүүбү? Төшөк кумары жөнүндө 5 миф
Сексологдун айтымында, мырзалардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндердин бутуна көңүл бурат. Иликтөөгө катышкандардын арасында аялдардын жамбашына, төшүнө басым жасагандар да бар, бирок алардын саны жалпы көрсөткүчтүн үчтөн бирин гана түзгөн.

Ар бир учурду өзүнчө кароо керектигин эскерткен адис изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, эркектердин мындай "ышкысы" балалык кыялы менен байланыштуу деген бүтүмгө келген.

Мындай көрүнүш аялзатына да тиешелүү. Айрым кыз-келиндер эркектердин колун жактырып, сырткы келбети экинчи планга өтүп кетет.

Баса, буга чейин окумуштуулар түгөйүнүн көзүнө чөп салып жүргөн адам оңой эле байкатып коет деген пикирин да жарыялашкан.