Башкы прокуратура: Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин тилин албай койгон

Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Башкы прокуратурага Курсан Асановдун аракети боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын корутундусу келип түшкөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда Асанов кайсы иштери үчүн сурак берип жатканы айтылат. Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

"Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган. Мында мыйзам одоно бузулган", — деп айтылат маалыматта.

Курсан Асанов суракта. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду
Аны менен катар Асановдун далил болчу буюмдарды жана маанилүү делген документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырганы айтылат.

Кызматтык териштирүүнүн корутундусун карап чыккандан кийин чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызматтык абалынан пайдалануу") боюнча каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылган.

Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн атайын топ түзүлүп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.