Валентина Шевченко Лиз Кармушту жеңгени үчүн канча акы алганы маалым болду

Бул турнирде Шевченко баарынан көп сый акы алган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 турниринде каршылашы Лиз Кармушту жеңгени үчүн жалпы жонунан 260 миң доллар алган. Бул тууралуу Sports Daily басылмасы жазды.

Эске салсак, 11-августта Уругвайда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуш беттешип, Шевченко жеңишке жеткен.

Басылма берген маалыматка ылайык, бул турнирде Шевченко баарынан көп акы алган.

"Лиз Кармушту жеңгени үчүн Шевченко 260 миң доллар алды. Басылманын эсеби боюнча, 110 миң долларды ал турнирге катышкандыгы үчүн алса, 110 миң долларды жеңиши үчүн, ал эми 40 миң доллар Reebok фирмасын жарнамалаганы үчүн төлөнгөн. Ал эми каршылашынын гонорары 130 миң долларды түзөт. Анын ичинен 100 миң доллары Кармуштун турнирге катышкандыгы үчүн төлөнсө, Reebok фирмасы жарнама үчүн 30 миң доллар берген", — деп жазылат маалыматта.

31 жаштагы Шевченко ушуну менен экинчи ирет чемпиондук титулун коргой алды. Биринчи жолу ал чемпиондук титулун Жессика Ай менен мушташып коргогон.