БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кандай айыптар коюлганын Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат жыйында билдирди.
Буга чейин мурдагы президент Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып жатканы маалымдалган.
Анын айтымында, 7-8-августта болгон окуя боюнча ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. Бейшекеев тергөө жүрүп жаткандыктан айрым иштер кандай тергелип жатканы боюнча суроого жооп берген жок.
"Атамбаевге бир катар оор кылмыштарды жасоого шектелгени боюнча кабар берилди", — деди ал.
Мурдагы президентке коюлган айыптардын тизмеси:
- Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук жасоо;
- Башаламандык уюштуруу;
- Адам өлтүрүүнү уюштуруу;
- Адам өлтүрүүгө аракет жасоону уюштуруу;
- Кишилерди барымтага алуу.
Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук сотунун судьясы карап, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген.