Чүй ОИИББ башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетмей болушту

Кечээ кыргызстандык дарыгерлер москвалык адистер менен онлайн-консилиум өткөрүп, аларды Бишкекке чакырышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы окуядан жабыркап комада жаткан Чүй ОИИББ башчысы Самат Курманкулов Москвадан дарыланмай болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, бүгүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордун профессору Александр Потапов менен нейрохирургу Ярослав Латышевдин катышуусунда жыйын өткөн.

Бишкекте башаламандык уюштурду деп беш киши камакка алынды
Курманкуловду карап чыккан дарыгерлер ага кошумча операция кереги жоктугун, интенсивдүү терапияны улантуу зарыл экендигин айтышкан. Натыйжада аны Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго которуу чечими кабыл алынган.

Министрликтен учурда Курманкулов абалы турукташып баратканын белгилеп, аны бир жерден экинчи жерге алып баруу боло турганын кошумчалашты. Учурда милиция башчысын Москвага жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башына таш тийип, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалган. 10-августта кыргызстандык дарыгерлер москвалык адистер менен онлайн-консилиум өткөрүп, аларды Бишкекке чакырышкан.