Башына таш тийген Чүй ОИИББ башчысы Курманкулов эсине келе элек

Министрликтен Курманкулов күнү-түнү тажрыйбалуу дарыгерлер Сабырбек Жумабеков менен Миталип Мамытовдун көзөмөлүндө экендигин белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алган Чүй облустук ИИББ башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башына таш тийип, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалган

"Учурда анын абалы дагы деле оор. Жандандыруу бөлүмүндө, комада жатат. Жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган", — деп айтылат маалыматта.

Кой-Таштагы жаалданган элдин ичинен уулун таппай... Жүрөк тилген видеорепортаж
Министрликтен Курманкулов күнү-түнү тажрыйбалуу дарыгерлер Сабырбек Жумабеков менен Миталип Мамытовдун көзөмөлүндө экендигин белгилешти. Ошондой эле керектүү дарылануудан өтүп, дары-дармек менен камсыздалганын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.

Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер колго түшүрүлүп, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.