Кой-Ташта каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды

Укук коргоо органдары шектүүлөрдү табууга жардам сурайт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чүй облустук ИИББ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын даярдыктагы аскердин өлүмүнө шектүүлөрдү издеп жатканын кабарлады.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Укук коргоо органдары шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялап, аларды табышууга жардам сурады.

Атайын операция учурунда каза болгон жоокердин сөөгү бүгүн жерге берилди.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон. Тагыраагы, Үсөнбек Ниязбеков жан берген.

Атамбаевди эртеси, 8-августта, милиция Кой-Таштагы үйүнөн кармаган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.