Күндүн сүрөтү: спецназ аянттан ээнбаштарды кууп чыккандан кийин

Сүрөт интернетке тарагандан кийин кыргызстандыктар бири-бирин провокацияга алдырбай, тынчтыкты сактоого чакырыктар күчөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда 9-августка караган түнү "Ала-Тоо" аянтында тартылган сүрөт катуу талкууга алынды.

​Сүрөткө укук коргоо органдарынын он чакты кызматкери тартылган. Алар борбордук аянттагы фонтанды тегеректеп жатышат.

Эске салсак, 9-августка караган түнү Атамбаевдин тарапташтары Бишкектин көчөлөрүнө чыгышкан. Миңге чукул кыжырланган жаран башаламандык кылууга аракет кылган. Күч органдары аларды кууп таратып, эртең мененкиге чейин шаарды кайтарып чыкты.