Бабанов тосуп алган элге эмне деди? Жолугушуунун сүрөттөрү

Саясатчы бүгүн Бишкекке учуп келди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу саясатчы Бишкекке учуп келген маалда тарапташтары менен учурашып жатып айтты. 

Бабанов алгач аны Кыргызстанга кирип келе жатканда эч ким текшербегенин маалымдап, элди тынчтанууга жана сабырдуулукка чакырды.

"Мен УКМКнын бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Анткени ар дайым мыйзам чегинде иш алып баргам",  — деди экс-депутат.

Кыска баарлашуудан соң Бабанов унаасына отуруп, андан ары кетти.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановду тосуп алуу үчүн "Манас" аэропортуна анын тарапташтары, партиялаштары, депутаттар барган.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда. Учурда эмне болуп жатат
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Ал эми кечээ, 8-августта, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.