Депутаттар Атамбаевдин маселесин карай башташты. Кезексиз жыйындын видеосу

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча буга чейин Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берген.
Sputnik

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, саат 14:18ге карата 61 депутат каттоодон өттү. Айрым депутаттар чип жоктугунан каттоодон өтө албай жатканын айтты. Алардын арасында Иса Өмүркулов баштаган бир катар эл өкүлдөрү бар.

Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу регламент боюнча депутаттардын үчтөн бир бөлүгү кол койгон соң кезексиз жыйын өткөрүүгө болорун билдирген.

УКМК: каза болгон спецназ жоокеринин артында 4 баласы калды
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.