УКМК: спецназдын жоокерине снайпердик мылтыктын огу тийиши мүмкүн

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүн басып киришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. УКМКнын каза болгон атайын даярдыктагы аскерине снайпердик мылтыктын огу тийиши мүмкүн экенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ок Атамбаевдин үйү тарабынан атылган.

"Учурда Кой-Таш айылынын аймагында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери турат. Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө спецназдын бир нече кызматкери жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабековдун айтуусунда, каза болгон атайын даярдыктагы жоокерге тийген ок анын өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткен.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, бир нече кишилер жаракат алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген соңку маалыматы боюнча, акыркы окуялардан 43 киши түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.