Кой-Таш айылына келген милиция кызматкерлери тобу менен кетип жатышат. Видео

7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, ал максатына жеткен эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылына келген жүздөгөн милиция кызматкерлери тобу менен кайтып жатышат. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 2-3 чакырым алыс жерде чогулушкан. Алар элди Атамбаевдин үйү тарапка өткөрбөй тосуп турушкан болчу.

Видеодон милиция кызматкерлери токтоп турган автобусту көздөй кетип баратканын көрүүгө болот.

Учурда жол ачык, жай жарандар машинасы менен ээн-эркин өтүшүүдө.

Өз кезегинде Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы да милиционерлер Кой-Таш айылынан кеткенин айтып, мындай кадам жай тургундар менен кагылышууга барбоо максатында жасалганын билдирди.

"Учурда абал туруктуу, бардыгы милициянын көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, ал максатына жеткен эмес. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 45ке жетти.