Чек ара кызматы: көзөмөл-өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат

Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн абал боюнча президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны кайтаруу иштери штаттык режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга ведомствонун маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

"Көзөмөл-өткөрүү пунктулары дагы кадимкидей иштөөдө. Кишилер, автоунаа жана жүктөр тоскоолдуксуз өтүп жатат. Болгону Чек ара кызматы өздүк коопсуздугун күчөттү", — деди Бөрүбаева.

Ошондой эле ал коңшу өлкөлөрдүн дагы Кыргызстан менен чек арасы кадимкидей иштеп жатканын кошумчалады.

Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштап, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50гө чукул киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу ушул тапта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.