БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен жолугууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Ал ортодо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. ИИМдин маалымат кызматы милиция кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады.
Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, учурда Кой-Ташта уюлдук байланыш жок.
7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, ондон ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы берген маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 15 кишиге жеткен. Өз кезегинде УКМК элге ок чыгарбаганын айтууда.