Кой-Ташта жаракат алгандардын саны 43кө жетти

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын, ооруканалар керектүү дары-дармек менен камсыздалганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан жабыркап Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканасына жаткырылгандардын саны 43кө жетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология
Ага ылайык, сегиз киши Чүй облустук ооруканасына, тогуз адам Улуттук госпиталга, ошондой эле 24 бейтап Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Дагы эки жабырлануучу Улуттук хирургия борборунда жатат.

Мындан тышкары, бир адам алган жаракатынан каза таап, дагы бирөөсү амбулатордук дарылануу алган. Жалпысынан жатып дарылангандардын саны — 41.

Маалыматта дарыгерлердин бардыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы, ооруканалар керектүү дары-дармек менен камсыздалганы айтылат.