Атышуудан кийинки Кой-Таш. Талкаланган имарат, канжалаган аскерлердин сүрөтү

Sputnik

Атышуудан 50гө чукул киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алып, учурда ооруканада өзүнө келбей жатат.

Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда
Кой-Таштагы окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 264чү («Массалык баш аламандык») жана 266-беренелери («Бейбаштык») боюнча каттоого алынган.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн каза таап, жабыркашы боюнча факт Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Муну менен бирге Атамбаевдин тарапташтарынын УКМК кызматкерлерин туткунга алышы боюнча факты да 244-берене ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

1 / 23
Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн басып келген атайын даярдыктагы жоокерлер
2 / 23
Ок тийген жаран. Кой-Таш айылы
3 / 23
Ок жеген кишиге Тез жардам кызматынын дарыгерлери жардам берүүдө
4 / 23
Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүн коргоп жатат
5 / 23
Туткунга алынган жоокер Атамбаевдин тарапташтарына багынып берүүдө
6 / 23
Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жаракат алган аскерди курчаган эл
7 / 23
Мурдагы президенттин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүн кайтарууда
8 / 23
Колуна курал алган жарандар
9 / 23
Спецназ үйдү басып киргенден кийинки сүрөт
10 / 23
Атамбаевдин жактоочулары менен жаракат алган аскер
11 / 23
Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнүн ичи. Колуна курал алган кишилер.
12 / 23
Кагылышуу учурунда аскерий ок атылганын ырастоого аракет кылган тарапташтар
13 / 23
Атайын операциядан кийин Кой-Таштагы үйдүн короосунан өрт чыкты
14 / 23
Кой-Ташка барган жол буулду
15 / 23
Атамбаевдин үйүнүн короосунда топтолгон эл
16 / 23
Кагылышуу учурунда транспорт техникалары да жабыркады
17 / 23
Чыккан өрттүн кесепети
18 / 23
Мылтыктан атылган октор
19 / 23
Окуя болгон жерде дарыгерлер да күзөттө турду
20 / 23
Жолду тосуп турган атайын даярдыктагы аскерлер
21 / 23
Милиция жаалданган элди тынчтандырууга аракет кылууда
22 / 23
Абалды көзөмөлгө алуу үчүн кошумча милиционерлер да тартылды
23 / 23
Атамбаевди кармоо операциясынан кийинки көрүнүш