Бишкектин борборунда аскер техникасы жүрөт. Видео

7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин борборунда аскер техникасы жүрөт. Анын видеосу Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодо техниканын Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинен өтүп баратканын көрүүгө болот.

Байланыш үзүлгөн маалда Кой-Ташта эмне окуя болду. Хронология
Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 43кө жетти.