Атамбаев мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты. Сүрөт

Мурунку президент учурда Кой-Таштагы үйүндө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 16.00дө Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында барат. Бул тууралуу мурунку президент Кой-Таштагы үйүнөн тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Атамбаев кырдаалга баа берип, бийлик мыйзамсыз аракеттерге барган деп эсептейт.

"Спецназдын кармалган жоокерлери бүгүн бошотулат. Чогулган курал-жаракты чогултуп койдук. Элдин колунда курал жок болчу. Жоокердин каза болушуна бийлик күнөөлүү. Бүгүн "Форумдун", андан кийин Ак үйдүн алдына барып митинг өткөрөбүз", — деди Атамбаев.

Sputnik Кыргызстан агенттиги абалга көз салып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.