УКМК: элге ок атылган жок

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы маалыматтар боюнча 15 киши түрдүү жаракаттарды алып, медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда атайын даярдыктагы аскерлер элге ок чыгарып жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

УКМК ошондой эле чагымчыл мүнөздөгү малыматтарды тараткандар мыйзам алкагында жооп берерин эскертет.

"Белгилей кетсек, атайын даярдыктагы аскерлер бир гана желим окторду колдонууда. Бирок үй тараптан аскерий октор менен аткылап жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тосмону талкалап үйгө киришти. Сүрөт
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы маалыматтар боюнча 15 киши түрдүү жаракат алып, медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери басып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген.

Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да үн катты.

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.