Атамбаевдин ок атылган үйүнүн ичиндеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды

Сүрөттөн дубалдагы кандын тактарын, автоматтын окторун көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин атышуу болгон үйүнүн ичиндеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды.

Сүрөттө дубалдагы кандын тактарын, автоматтын окторун көрүүгө болот. Үйдө Атамбаевдин тарапташтары жүрөт.

Атамбаевдин үйүнөн сабалган жоокерлерди алып чыгып жатышат
Акыркы маалыматтар боюнча 15 киши жаракат алды. Анын ичинде күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү бар. УКМК Атамбаевди кармоо боюнча операция өткөрүп жатат.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери басып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да үн катты.

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.