Латвия Зилалиевдин аялына карата кылмыш ишин козгоду

Маалыматка ылайык, Зилалиевдин аялы балдарына ачылган эсеп аркылуу ири суммадагы каражаттарды которгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Анда кылмыш иши Латвиянын Каржылык чалгындоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

"Интерполдун Рига шаарындагы улуттук-борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Интерполдун Рига шаарындагы улуттук-борбордук бюросу Кыргызстанга Зилалиев жана анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге мыйзамсыз жол менен байыган деген кине коюуда. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлктөрдү сатып алган деп айыпталууда.

Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан. Өз кезегинде Зилалиев ага коюлган айыптарды негизсиз жана жалган деп келет.

Азыркы убакта аталган кылмыш ишти тергөө аяктап, сотко жиберилген.