ИИМ имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. Сүрөт

Кой-Таш айылындагы коопсуздукту сактоо үчүн кошумча күч тартылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына милиция кызматкерлери чогулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Учурда имараттын алдында 70тей милиционер турат. Андан сырткары, автобус жана атайын даярдыктагы полктун аскерлерин да көрүүгө болот.

ИИМдин маалымат кызматы учурда милиция кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады.

Ушу тапта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы аскерлер кирип, УКМК мурунку президентти кармоо боюнча атайын операция баштаган.

Атамбаевдин ок атылган үйүнүн ичиндеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды
ИИМден окуя болгон жерге ыкчам топ дароо чыгып кеткенин айтышты. Андан сырткары, коомдук тартипти сактоо үчүн Чүй облустук ИИББ менен Аламүдүн райондук милициясынын толук курамы тартылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы маалыматтар боюнча 15 киши түрдүү жаракат алып, медициналык жардам үчүн кайрылышкан. Ошондой эле жаракат алгандардын арасында атайын даярдыктагы бир аскер бар экени маалымдалган.

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.