Ок атылып, Атамбаевди калкалап алып кетишкени видеого түшүп калган

Бүгүн кечке жуук Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназ келип, ок атылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев атышуу учурунда Кой-Таштагы үйүндө болгон. Анын мындай видеосун социалдык тармактагы видеодон көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, бүгүн кечке жуук Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназ келип, ок атылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Атамбаевдин үйүндөгү атышуу. Учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео
Буга чейин Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев күбө катары үч жолу суракка чакырылган, бирок экс-президент "бийлик алгач укуктук талаага келсин" деп барбай койгон. Кийинчерээк ал адвокаты аркылуу кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин ал жашаган Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары тарабынан "Элдик штаб" уюштурулган. Ал жерден тарапташтарынын, саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн, партиялаштарынын жана элдин аягы үзүлбөй келген.