Облустук милициянын жеке курамы толугу менен тартылган.
Милициядагы ишенимдүү кишинин айтымында, 10го жакын киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда облус жетекчиси баш болгон расмий өкүлдөрү жеринде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуя болгон жерде болжол менен 500дөй киши бар.
Буга чейин да жергиликтүү эл кытай компаниясынын жардыруу иштеринен мал кырылып жатканын жүйө келтирип, алардын ишин токтотуусун талап кылган болчу. Жерине вице-премьер Жеңиш
Разаков барып, эл менен жолуккан. Окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, мал ичеги оорусунан улам өлүп жатканын айтып, компаниянын күнөөсү жок экенин билдирген. Ошентсе да кытай компаниясы алардын айынан мал-жандык кырылып жатканы ырасталса, чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин билдиришкен.
Учурда Солтон-Сарыда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.