Энесинин колунан 5 жашар баланы кимдер жула качкан? Окуянын чоо-жайы

5-августта кечинде С.З. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз кишилер анын беш жашар небересин уурдап, белгисиз жакка кеткенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек милициясы Тимирязев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 5 жашар баланын уурдалышынын чоо-жайын айтты.

Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди
5-августта кечинде С.З. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз кишилер анын беш жашар небересин уурдап, белгисиз жакка кеткенин айткан. Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам иликтөө тобу келген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында Чүй облустук милициясынын кызматкерлери Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, уурдалды деген баланы жана шектүү үч кишини кармаган.

"Териштирүү маалында баланын атасымын деген Ы.Ж. аттуу жаран уулун туулган күнү менен куттуктайм деп келген. Бирок кайненеси ага уруксат берген эмес. Андыктан ал уулун алып кетүүнү чечкен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Ленин РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүүдө.