Июль тарыхтагы эң ысык ай болду

Өткөн айдагы абанын температурасы 2016-жылдагы рекорддон да ашып өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik.Copernicus программасынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзгөн Европа кызматынын иликтөөсүндө 2019-жылдын июль айы глобалдуу байкоолордун тарыхында эң аптаптуу ай деп көрсөтүлгөн.

Докладда өткөн айдагы абанын температурасы 2016-жылдагы рекорддон да 0,04 градуска ашып өткөнү айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Батыш Европада жана башка мамлекеттерде адаттан тыш ысык катталып, жогорку температуралар байкалган.