Сирия президентинин жубайы Асма Асаддын рактан айыкканы айтылды

Былтыр август айында Асма Асаддын төшүнөн шишик табылган. Биринчи айым ошондон бери дарыланууда болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма Асад онкологиялык оорусун бир жылдык дарылануудан кийин жеңгенин РИА Новости президент сарайынын маалымат кызматына шилтеме берип жазды.

"Рак оорусу менен бир жыл бою күрөшүп, үмүт менен дарыланып жүрүп жакшы болуп кеткен урматтуу Асма Асадды Сириянын жетекчилиги менен президенттик канцеляриянын кызматкерлери куттукташты", — деп жазган өлкө башчынын маалымат кызматы.

Батышка багынбаган Башар Асад. Президент тууралуу 10 факты
Өз кезегинде биринчи айым аны колдогон сириялыктарга ыраазычылык билдирген. Ал оору-сыркоого кабылгандарга ден соолук, Сирияга тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Былтыр август айында Асма Асаддын төшүнөн коркунучтуу делген биринчи баскычтагы шишик табылган. Январдын этегинде операция жасалып, биринчи айым ошондон бери дарыланууда болчу.