Саида Мирзиёева журналист менен блогерлерди кантип коргорун айтты

Агенттик журналисттин ишине тоскоолдук жараткандарды жазалоону талап кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Өзбекстанда журналисттердин мыйзамдуу ишине тоскоолдук жараткандар административдик жазага тартылмай болду. Бул тууралуу Байланыш жана массалык коммуникациялар агенттигине (БМКА) таянуу менен Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты. 

Мында блогерлердин укугун журналисттердикине теңөө да каралып, "Маалыматташтыруу жөнүндө" мыйзамына толуктоо киргизилмекчи. Мыйзам долбооруна ылайык, эми блогер маалымат алууга жана аны жайылтуу укугуна ээ болушу керек. Ал эми маалымат үчүн ал каалаган мамлекеттик органына кайрыла алат. Ошондой эле блогер иликтөө жүргүзүүгө, ЖМК аркылуу макала жарыялоого, ачык жыйындарга катышууга, маалымат булагын сыр бойдон сактоону талап кылууга, моралдык зыян үчүн сот аркылуу компенсация төлөтүп алууга укук алышы зарыл.

Мирзиёевдин күйөө баласы күңүрттөлгөн автоунаалар жөнүндө кескин айтты
БМКАнын директор орун басары Саида Мирзиёева соцтармактагы баракчасына мыйзам долбооруна түшүндүрмө берип, аны талкууга алып чыкты.

Байланыш жана массалык коммуникациялар агенттиги, мындан тышкары, журналисттин мыйзамдуу ишине тоскоолдук жараткандарды административдик жазага тартууну да демилгелеп жатышат.

Тоскоолдук жаратууга: маалымат берүүдөн баш тартуу, өз убагынан кечиктирип берүү же алдын ала туура эмес маалымат берүү кирет.

Мындай аракет үчүн жеке жактар айлык акынын төмөнкү бөлүгүнө туура келген сумманын 1-3, ал эми юридикалык жактар 5-10 бөлүгүнө айыпка жыгылат.