50 жаштагы Женифер Лопес сулуулугунун сырын ачты

Ырчынын сулуулукту сактоо боюнча негизги эрежелери — уйкуну кандыра эс алуу жана көп суу ичүү.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Жакында эле 50 жылдыгын белгилеген айтылуу актриса жана ырчы Женифер Лопес бул куракта келишимдүү тулку бойду кантип сактоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу Wmagazine басылмасы жазды.

Тыным албоо — Жей Лонун артка кайткыс принциптеринин бири. Жумасына 3-4 жолу эки башка машыктыруучу менен иштейт. Мындан тышкары, бир нече жылдан бери оозуна алкоголь, чылым жана кофеин ала элек. Мунун баары терини карытат деп эсептейт.

Эч качан макияж менен уктабайт. Жатаар алдында бетиндеги боектун баарын тазалап, нымдоочу бетмай сүйкөнүп, анан гана уйкуга кетет.

Ошондой эле күнгө болушунча аз чыгып, чыкса дагы атайын каражаттарды колдонот.

Мындан тышкары, Лопес 2015-жылдан бери медитация менен алектенет. Өзүнүн айтымында, ар бир жолкуда "Мен түбөлүктүүмүн" деген сөздү кайталап турат.

Жаштыкты сактоонун өтө маанилүү эрежелеринин бири — жетиштүү уктоо жана көп суу ичүү экенин айтат.

Актриса даамдуу тамактарды жасаганды жакшы көрөрүн, бирок өзү спаржа, капуста жана брокколи менен көп тамактанууга аракет кыларын кошумчалаган.