Өкмөт башчы товарларды мыйзамсыз ташууга каршы аракеттерди күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жоопкерчилиги тууралуу эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тарткандарга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешмеде өкмөт башчы салык төлөөдөн баш тарткандарга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келерин айтты.

"Салык көлөмүнүн азаюусу — бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы. Экономикалык блокко жооптуулар мыйзамдарды жакшыртып, активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумуна киргизүү чараларын күчөтүүгө тийишсиңер. Бардык мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана абдан көңүл бурууну талап кылат", — деди Абылгазиев.

Өлкөгө мыйзамсыз товар ташыгандарды көргөндөр үчүн тынымсыз байланыш ишке кирди
Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Мындан тышкары, премьер-министр товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепсиз ташуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна бир кыйла таасир берерин белгиледи. Ошондой эле жакын арада кабыл алынган аракеттердин жыйынтыктары өкмөттө кайрадан караларын кошумчалады.