Кыргызстанда жаңы мамлекеттик агенттик түзүлдү. Эмне иш кылат

Агенттикти түзүүдө республикалык бюджеттен бир да тыйын коробойт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
Жаңы мекеме жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарды натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу жаатында иш алып барат. Андан сырткары, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында аткарат жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттайт.

Буга чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу милдетин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик аткарып келген.

Өкмөттөн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүлүшү республикалык бюджеттен кошумча каражатты талап кылбай турганын айтышты.