Кошой, Бакай аталардын юбилейи... Туулган күндөгү көз жаш

Колумнист Нуржигит Кадырбеков туулган күнү тууралуу жазды. Автор мындай сезимге биринчи жолу туш болгонун белгилеген.
Sputnik

Туулган күнүм болчу... Машинамды айдап жумушка бара жатып, негедир көзүмө жаш тегеренди. Буга чейин канча туулган күндөрүм өттү, бирок бир да жолу мындай сезимге туш болбогом...

Бир күндүк хан

Эң оор кесип бар, сыр сактоо деген... Сырдаш болуунун 10 жолу
Бала кезде мен үчүн майрамдардын майрамы болгон бул күндү чыдамсыздык менен күтчүмүн. Бир күн болсо да ата-эненин, тууган-туушкандардын, жакындардын көңүл чордонун ээлеп, ар биринин жылуу куттуктоолору менен кошо белек-бечкегин кабыл алып, өзүн жомоктогу ханзаададай сезип алуу кайсы жаш балага жакпасын?

Окуучу кезимде ушул күндүн шылтоосу менен классташтардын бир күндүк “ханына” айланчумун. Туулган күн ээсинин маанайын көтөрүү ыйык милдет болгондон бетер, анын көз кареги менен тең айланып, бир сөзүн эки кылбай аткарып коюу — элибизде кеңири жайылган салт эмеспи. Классташтарым да бул салтты катуу сактачу. Алардын атайын даярдап, “Туулган күнүң менен! ” деп чогуу тартуулаган белегинин берекеси менен арада боло калчу анча-мынча таарынычтар унутулуп, алыстаган жүрөктөр бириге түшчү.

Анан студент болдук. Студенттик курак — курсак бир жарытылуу тойсо өзүңдү дүйнөнүн эң бай адамы ойлоп калган керемет учур эмеспи. Ошого эптеп шылтоо табылса эле колдон чыкканын топтой коюп, ага келишинче даамдарды сатып алып, ортого жайып майрамдап калчубуз. Туулган күн да ушундай шаан-шөкөткө себеп болуп берчү бир окуя эле.

Кийинчерээк досторду үйгө чакырмай башталды. Беш-алты чакырым аралыкка маршрутка менен баргандан тыйынын сарамжалдап, жөө каттаган байкуш айрым студент теңтуштар кечеге куру кол баргандан уялып, белек алуу үчүн карызга акча издеп кыйналса, тигил жакта башкалардын астында баласынын шагы сынбасын деп отуруш өткөрүп берүүгө макул болуп, чөнтөгүнө бөөдө күч келип туулган күн ээсинин ата-энеси да кыйналчу. Эки тарапты тең кыйнаган ушул өнөкөттөн ошондо эле көңүлүм сууган. Бирок “элден кем калбайын” деген куру намыс кайра эле туулган күн өткөрүү “милдетинин” баткагына белимден батырчу. Неге биз өмүрүбүздүн тең жарымынан көбүн бирөө үчүн жашайбыз, билбейм.

"Кыргызда болбогон" майрам

"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш
Чоң атам туулган күндү “кыргызда болбогон” деп жерип, жактырчу эмес. Кийин ойлосом, анысы да чын экен. Болсо башкадан таппасак да, жарым миллиондон ашык саптан куралган, дүйнөнүн эң улуу дастаны болгон “Манас” эпосунан окуйт элек. Эпосто миңдеген жерлердин, элдердин, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн аттары аталган; согуш, тынчтык, той, шаан-шөкөт, салтанат учурларынын ар кыл жагдайлары укмуш чебердик менен чагылдырылган; ондогон элдин салт-санаасы, каадасы тууралуу кенен жана терең маалыматтар камтылган. Бирок Бакай атанын 80 же Кошой атанын 90 жылдыгын, же эр Чубактын 50 жылдык мааракесин кыргыз эли шаан-шөкөт менен майрамдаганы тууралуу бир да маалымат жок. Каныкей энебиздин туулган күнүнө карата Манас атабыз кымбат белек сатып берип, ак боз үйгө ак дастаркон жайып, кырк чорону жубайлары менен чакырып, отуруш өткөрүп, улам-улам чоң кесеге кымыздан толтуруп, ар бир үй-бүлө кезек-кезек менен “Ушул жаштан жок эле дегенде үчтү жаша! Сен үчүн алып жиберили” деп каалоо айтып отурганын элестетүүгө болобу? Манас атабызды коё туруп тээ бери жактагы Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул аталарыбыздын жыл сайын “баланча жашка чыктым” деп отуруш же маараке уюштуруп, гүүлдөп майрамдаганын элестетүү дегеле мүмкүн эмес. Анан качан, кайдан жүрүп элибизде ушул туулган күндү белгилөө адаты пайда болду, билбейм.

АКШда, Японияда окуп жүргөнүмдө туулган күнүм өздүк эмес эле эл аралык майрамга айланчу. Конокко келген чет элдик тааныштар улуттук тамагыңдын даамын таткысы келет. Тамак жасаганды жакшы билбегенимден АКШда азербайжан досум Элчин, ал эми Японияда өзбек жана дунган досторум Мирзахид менен Ариф конокторго мен үчүн чыгыштын тамактарын жайната жасап берип, абийирди жабышкан. Түн бир оокумга чейин бака-шака болуп отурууга убакытты укум кылууну такыр жактырбасам да курбулардын, коноктордун көңүлүн сыйлап, жүрөктөгү кыжалатчылыгымды такыр билдирчү эмесмин. Бир жагынан алтындан артык убактысын мен үчүн садага чаап, кеченин аягына чейин отурганына кайра ыраазы болчумун.

Кийинчерээк бир белгилүү кишинин “Адам бир эле жолу туулат. Демек, бир өмүрдө бир гана жолу туулган күн болот. Жыл сайын кайра-кайра туулган күн белгилөө акылсыздык” деген маанидеги насаатын эшиттим. Ойлоп көрсөм, аныкы деле туура...

Бара-бара мурда туулган күндү эмнеге ушунчалык шаан-шөкөт менен белгилеп жүргөнүмө өзүм түшүнө албай калчу болдум. Бул күн — эки дүйнө ийгиликке жетүүбүзгө себеп болчу бир маанилүү окуя орун алган, же улуу-кичүүнүн, бай-кедейдин, оору-сыркоонун, мусапырлардын батасын алууга арзый турган абдан кайырлуу, сооптуу, берекелүү иш же ибадат аткарылган күн болсо бир жөн. Болгону күлгүн өмүрдүн, таттуу өмүрдүн, өткөн соң кайрылбас арман өмүрдүн шуулдап артта калып, аягы жакындап жылып келе жатканын эске сала турган кайгылуу бир мезгил чекити, көз ирмеми экен. Биз ошонун урматына дүңгүрөтө майрамдайбызбы туулган күндү?

Көзүмө жаш тегеренди...

Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
Оор дартка кабылган жакынын операция кылууга жетиштүү акча топтой албай кайрымдуулук концертине билет сатып жүргөндөр же социалдык түйүндөрдө ар кандай акцияларды уюштургандар миңдеп саналат. Бул номерге бир СМС жиберсең баланча деген муктаждыгы бар шордууга мынча тыйын садага берген болосуң деген маанидеги каттар телефонубузга байма-бай келип турат. Жума намазынан чыксаң керебетте жаткан оорулуунун аянычтуу сүрөтү менен ага жардам сураган өтүнүч жазылып чапталган үкөктөр мечиттин короосунда ондоп, жүздөп турган болот. Ресторан менен кафеге туулган күндө сайрандоого кеткен каражаттын ондон бирин ошондойлорго садага кылып турсак, канча адамдын көйгөйү чечилет эле. Садага балээден, кырсыктан тосот дешет аалымдар.

Биринчи ирет туулган күнүм болгону үчүн көзүмө жаш тегеренди. Бир кездерде мени аябай кубантчу өздүк майрамым бул сапар негедир көңүлүмдү чөгөрдү. Кырктын астанасын аттоом — өмүр жана өлүм, жашоонун маңызы, инсандык жоопкерчилик, адамдык парз, озуйпаларым жөнүндө дагы бир жолу терең ойлонуума себеп болду. Эртеңки күнүм — кайып: кандай болору, дегеле болору же болбосу бир Кудайга белгилүү. А өткөнүм кандай болду экен? Эл-жер үчүн, мекен үчүн, адамзат үчүн, ата-энем, жакындарым үчүн, келечек үчүн, ыйман үчүн жарытылуу эмне иш кылдым? Дегеле майрамдап, белгилегенге арзыгыдай эмнени кыйраттым? Ушуларды ойлоп, көпкө тунжурап олтурдум.

Биринчи жолу көзүмө жаш тегеренди...