10 жыл чачын кыркпаган өспүрүм чачтарачтардын оозун ачырды

Баланын чачы чачышып, кийиздей болуп кирип калган жана кыркып жатканда баш териден жумуртканын кабыгы сыяктуу ажыраган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Уэльс шаарындагы (Улуу Британия) Оуэйн Томас аттуу өспүрүм он жылдан кийин чачын тегиздетип, чачтарачтын оозун ачырганын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Африкалык стилисттин оозду ачырган чач жасалгалары. Видео
Ата-энесинин айтымында, 14 жаштагы бала чачын сёрферлер (толкун менен жарышкандар — ред.) сыяктуу өстүрүүнү каалап, жакындарынын кырктырып сал дегенине караманча көнбөй койгон. Натыйжада чачы чачышып, эпке келбей уйпаланып калган. Окуучунун кебетесине мугалимдер да сын айткан, анткен менен бала чачтарачтан коркуп, жада калса тааныш барберге баруудан да баш тартканы айтылат.

Акыры ата-энеси өспүрүмдү макул кылдыруу үчүн "тыкан чач жасалга кылабыз" дешкен. Оуэйндин атасы уулу чачтарачтардан коркоруна карабай чечкиндүү кадамга барганын белгилеген.

Өспүрүмдү тейлеген барбер айран таң калганын жашырган эмес.

​"Мен биринчи жолу мындай окуяга туш болуп жатам... Картошка тазалагандай эле болдум. Башында кайрылгандардын талабын аткара аларыма көзүм жеткен жок. Алгач чачтын сенейип калгандарын жоготтум", — деген чачтарач Джеймс Уильямс.

Баланын атасынын айтымында, чач баш териден жумуртканын кабыгындай эле ажыраган.

Өспүрүм мындан ары да чачын узартууда барбердин кеңешин алып турарын убадалады.