Бишкек: мал базарда 27 жаштагы жигитти бычактоого шектелген киши кармалды

Алдын ала маалыматтарга караганда, экөө айтыша кетип, жыйынтыгында бири экинчисине кол салган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы 28-июль күнү Төмөнкү Ала-Арча айылындагы мал базарда 27 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн деп шектелген жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга маалымат ошол эле күнү саат 12.45те түшкөн. 

Бишкек: мал базарда 27 жаштагы жигитти бычактоого шектелген киши кармалды

"Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барганда бейтааныш адам тарабынан бычакталган жигит каза болуп калганы белгилүү богон. Ал эми ага кол салган киши милиция келгиче качып жоголгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги эки кишинин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, КРдин Жазык кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык кылмыш иши козголгон.

Бишкек жана Аламүдүн районунун милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, экөө айтыша кетип, жыйынтыгында бири экинчисине кол салган.

Шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.