Кыргызстандык Тарзан жана Гамлет. Адабий каармандардын атын алып жүргөндөр

Айрым ата-энелер качандыр бир кезде катуу таасирленген каарманын "түбөлүк" эсинде калтырууга аракет жасайт сыягы.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда адабий каармандардын ысымын алып жүргөн адамдар көп. Sputnik агенттиги биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап чыкты.

Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар
Эдгар Берроуздун Тарзанын көп эле киши билсе керек. Бул каармандын атын үч кыргызстандык алып жүрөт. Уильям Шекспирдин Гамлетинин ысымын алган эки киши бар, аны менен бирге тизмеден беш Жульеттаны таптык. Айтмакчы, эмнегедир бир да Ромео кезиккен жок. Дагы бир мекендешибиз Виктор Гюгонун Эсмеральдасынын атын алып жүрөт.

Александр Дюманын да китептерин көп эле кыргызстандык окуса керек, мындан улам Арамис деген ысым эки кишиге ыйгарылыптыр. Бирок бир да Атос, Партос жок экен. Антсе да башкы каарман Д'Артаньянга үндөш Дартанаян деген атты кезиктирдик.

Британиялык жазуучу Вальтер Скоттун белгилүү романдарынын бири — "Айвенго". Анын ысымын бир кыргызстандык алып жүрөт.

Мекендештерибизге керек болсо байыркы канышалардын да аттарын ыйгарышат.