Кайыктардын көлгө канчалык деңгээлде зыян келтирип жатканын атайын адистер аныкташ керек. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, моторлуу кайыктарга тыюу салына турган болсо, жергиликтүү эл түшүнүү менен мамиле кылышы керек.
"Былтыркы жылы Ысык-Көлдө иш алып барган кайыктардын саны 30га жакын болчу. Алардан бюджетке көп деле акча түшпөйт. Көлдүн жээгинде жүргөн скутерлер айына 5-7 миң сомдой төлөшсө, чоң кайыктардан кишинин санына жараша жергиликтүү бюджетке 50 миңге чейин акча түшөт. Тийиштүү адистер анализ жүргүзүп, эгерде көлгө зыян келген болсо, мыйзамдын негизинде моторлуу кайыктарга толугу менен тыюу салса болот. Мамлекет көзөмөлдөп, мыйзам күчүнө кирсе аны аткарууга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет", — деди Иманалиев.
Ошондой эле аткаминер бүгүнкү күндө моторлуу кайыктардын айрым түрлөрүнө толугу менен тыюу салынганын кошумчалады.