"Коопсуз шаар" унаасы жок адамга айып салып койду. Окуянын чоо-жайы

Келген кагазда белгисиз эле автоунааны катуу ылдамдыкта айдаганы үчүн 1000 сом айып пул салынганы көрсөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" системасы Бишкектин тургуну Екатерина Юдинага эч кандай унаага ээлик кылбаганына карабай, "жол эрежесин буздуң" деп айып пул тууралуу кат жөнөттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын атасы Рустам Гильмияров билдирди.

Юдинага келген айып кагазында Mercedes Benz-200 унаасын Григорьева Екатерина Петровна катуу ылдамдык менен айдаганы үчүн 1000 сом айып пул салынганы көрсөтүлгөн. 

"Коопсуз шаар" унаасы жок адамга айып салып койду. Окуянын чоо-жайы

Григорьева менен Юдинаны салыштырып көргөндө туулган күнү жана аты дал келген. Бирок айып пул белгисиз себептерден улам Юдинага келип калган. Кыздын атасы Гильмияров мунун чоо-жайын сурап Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) барган. Ведомство мүчүлүштүк кеткенин моюндап, кечирим сурашкан.

Касмалиев: өлкөдө жалпысынан 1 млн. 300 миң унаа катталган
МККнын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга да жооп берип, калкты документтештирүү жана каттоо, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жаатында өлкөдө 20 автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) иштей турганын билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоору үчүн АМС жана транспорт каражаттарын каттоо кызматы эреже бузган айдоочуларды табуунун булагы болот.

"АМСке катталган унаа ээсинин жеке идентификациялык номери (ПИН) жок болгондуктан, айып кагазын туура эмес жазып коюшкан. Түшүндүрө кетсек, эски системада автоунаа ээлеринин ПИНи көрсөтүлгөн эмес. Айып кагазын жазууда система автоматтык түрдө ПИНге карап Юдинага чыгарып койгон. Анткени туулган күнү жана аты Григорьеванын өздүк маалыматы менен дал келген. Бирок анын ПИНи системада болгон эмес. Унаа ээсинин жеке маалыматтары оңдолду", — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Ушуну менен Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айып кагаздарын жиберүүдөгү мүчүлүштүктөрдү айтып экинчи адам кайрылып жатат.