Кыргызстан менен АКШ мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу тууралуу сүйлөштү

АКШлык делегация 31-июлда ар жылы өтө турган кыргыз-америка эки тараптуу консультацияга катышууга келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жонатан Хеник Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдер боюнча маселени талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Айдарбеков менен Хеник бүгүн, 30-июлда, жолуккан. АКШлык делегация 31-июлда ар жылы өтө турган кыргыз-америка эки тараптуу консультацияга катышууга келген.

"Тараптар практикалык долбоорлорго багытталган техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча келишимди жаңыртуу тууралуу кеп кылышты. Ошондой эле Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарып берүү маселесин карашты", — деп жазылат маалыматта.

Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
АКШ тарап Кыргызстандын демократиялык ийгиликтерин жогору баалап, мындан ары өлкөдөгү базар экономикасын жана демократиялык институттарды бекемдөөгө көмөк көрсөтөрүн айтты.

Эске салсак, жыл башында АКШ Кыргызстанга экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев мыйзамсыз алып чыгып кеткен 4,6 миллион долларды кайтарып берери маалымдалган.