Шейшембиге карата аба ырайы

Шейшембиде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 30-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күн 40 градуска чейин ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Таласта +28…+33, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +34…+39 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарын аймагында +27…+32 градус ысык болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ош шаарында +35…+37, Бишкекте +33…+35 градуска чамалап барары айтылды.

Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +25…+27 градуска чейин көтөрүлмөкчү.