Россияга кеткен тууган-туушкандар дайынсыз болуп жатса... Кайрылчу даректер

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандардын убактысы, каражаты жана ден соолугу текке кетпеш үчүн алдын ала бир катар даректерден маалымат алууну сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россияга чыгып жаткан кыргызстандыктар үчүн бул өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов кайрылуу таратканын РФтеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач элчи Россияга чыгууну пландап жаткан жарандарды өзүнүн "кара тизмеде" бар-жогун текшерип алууну сунуштайт.

"Россияга кирериңиз менен артка депортацияланып, убактыңызды жана акчаңызды текке кетирбеш үчүн билет аларда Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы "Миграционная амнистия 2019" деген бөлүмүндө жок экениңизди текшерип алыңыз. Эгерде "кара тизмеде" бар болсоңуз, Кыргызстандын Россиядагы элчисинин расмий блогуна www.elchi.ru кирип, онлайн түрүндө маалымат калтырыңыз. Сиздин статусуңузду тактоо жана "кара тизмеден" чыгаруу иштери үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн кошо салыңыз", — деп жазылат кайрылууда.

Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн жаңы сайт ачылды
Мындан сырткары, Россияда жүргөн достор, туугандар жана жакындар байланышка чыкпай, дайынсыз болуп кетсе, www.elchi.ru расмий сайты аркылуу КРдин РФтеги элчисине жоголгон жаранды табууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен жеке кайрылсаңыз болот.

Ал үчүн жарандын толук аты-жөнү, сүрөтү, паспортунун көчүрмөсү, Россияга чыккан мезгили, акыркы турган же иштеген орду тууралуу маалыматтарды жазуу керек.