Солтон-Сарыдагы малдын кырылышы. Кытай компаниясы компенсация төлөмөй болду

Мал алтын казган компаниянын ишинен улам өлгөн эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кытайдын Zhong Ji Mining Company компаниясы Нарын облусунда кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Нарында кырылган мал... Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты
Жергиликтүү эл Солтон-Сарыда алтын казып жаткан кытай компаниясынын ишмердигин токтотууну талап кылууда. Алардын айтымында, жардыруу иштеринин кесепетинен мал кырылып жатат. Чет элдик ишкана алардын ишмердигинен улам мал кырылып жатканы аныкталса, жөлөк пул төлөп берүүгө макул экенин билдирген. Түзүлгөн атайын комиссия мал таптакыр башка дарттан улам кырылып жатканын аныктап, малдын өлүшүнө кытай компаниясынын тиешеси жок деген бүтүм чыгарган

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, эми кытай компаниясы жардыруу иштеринин графигин өзгөртүп, жаңы система боюнча иш жүргүзөт. Ага ылайык, жардыруу иштери жумасына 2-3 жолу гана жасалып, элге алдын ала кабар берилет.

Комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов кытай компаниясына имиджин сактап калуу үчүн кырылган малга төлөнчү компенсация маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Өз кезегинде компаниянын жетекчилиги ага макул болгон.