Бишкекте жол жээгинде токтоп турган машинаны чоң бутак басып калды. Сүрөт

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы автоунаа туура эмес жерге токтотулганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектин Эркиндик проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө бактын бутагы түштү.

Окуянын сүрөтү "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя бүгүн, 29-июлда, күндүз болгон.

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева бак бекем экенин, бирок бутагы сынып түшкөнүн билдирди. Андан сырткары, машина туура эмес жерге токтотулганын, унаа токтотуучу жай жолдун аркы өйүзүндө жайгашканын жазды.

Жабыркагандар жок. Бутак автоунаанын терезесин талкалап кеткен.