Машинанын артынан кууган полиция кырсыкка кабылды. Петербургда тартылган видео

Санкт-Петербургда жол эрежесин бузган айдоочунун артынан түшкөн полиция өзү кырсыктады.
Sputnik

Окуяны күбөлөр видеого тартып алып, Youtube каналына жарыялашкан.

Жайылда машина жууган жайдын кызматкери автоунааны айдап кетип кырсыктады
Видеодо сары түстөгү Volkswagen Golf автоунаасынын артынан түшүүгө аракет кылган полиция каршы тилкеге чыга коюп, кара түстөгү BMW машинасына урунганын көрүүгө болот.

ИИМдин аймактык башкармалыгы "Рен ТВ" телеканалына окуядан эч ким жабыркабаганын билдирген.

Кырсыктан улам укук коргоо органынын өкүлдөрү эреже бузган айдоочуну кармай алышкан эмес.