Түз эфир маалында ээсин уят кылган иттин видеосу

Окуя кыз түз эфирге чыгып, анын күйөрмандары менен сүйлөшүү алдында болгон.
Sputnik

Ал даярданып, жасанып, боёнуп, шараптан ууртап, жаңы гана микрофонго сүйлөөгө камданып жаткан учурунда ити "ишти" бузган.  Жакын келген ит кожойкесине тумшугу менен сөйкөнө коюп, анын колундагы ичимдикти төшүнө, колуна жана отурган жерине чачырата төккөн. Кыязы, жаныбар эркелеп, ойногусу келген.

Окуя Калифорнияда болгон.

Блогер-кыздын абалдан кантип чыкканын видеодон көрүүгө болот.

Буга чейин интернетке жолбун иттин байланып турган башка бир иттин жибин үзүп, бошотуп кетип бара жаткан видеосу чыккан.