Кыргызстандык жаш спортчулар дзюдо боюнча Азия чемпионатына катышат

Чемпионат Кытайдын Тайбэй шаарында болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жаш спортчулардын курама командасы дзюдо боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында КР таэквондочулары 137 медаль алды
Билдирмеге ылайык, чемпионат 27-июлдан 30-июлга чейин Кытайдын Тайбэй шаарында болот.

Мелдешке Ханболот Ырысбеков, Адилет Аскарбеков, Мирсеит Бакытбек уулу, Муса Шабданбеков, Эрбол Абасбеков, Чынгызхан Сагыналиев, Абел Бакытбек уулу, Арсений Кладнов, Анарбек Ишанбаев, Алан Эргешов, Ажар Исаева, Шахида Нармухамедова катышат.

Ал эми Кубаныч Айбек уулу, Дөөлөт Таалайбек уулу, Байбол Саламат уулу, Эсен Мусаев, Адиль Мырзаев, Асад Масабиров, Орозбек Алмазбеков, Дастан Сарбатов, Сыймык Жапаров, Хан Диана, Зирегүл Кадырова, Бегай Бейшеналы кызы, Шахида Нармухамедова юниор катары ат салышмакчы.