Өкмөт мыкты айыл өкмөттөрдү 6 млн. сом менен сыйлады. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өткөн жылы алгылыктуу иштерди жасап өзгөчөлөнгөн алты айыл өкмөтүнө сыйлык тапшырылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы уюштурулган. Байге фондусуна өкмөттөн алты миллион сом бөлүнүп, биринчи орунду ээлегендерге 1,5 миллион сомдон ыйгарылды. Сыйлыктарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды.

Айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп тандалган. Биринчисине шарты жакшы айыл өкмөттөр, экинчиге оор шарттагы айыл өкмөттөр кирет.

Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча төмөнкү айыл өкмөттөр мыкты аталды.

Биринчи топтун арасынан:

I орун — Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;

II орун — Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;

III орун — Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү, 500 000 сом.

Экинчи топтун арасынан:

I орун — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;

II орун — Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;

III орун — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү, 500 000 сом.