Юрий Краковецкий Хорватиядагы эл аралык турнирде күч сынашат

Турнирге Юрий Краковецкий менен биргеликте Болот Токтогонов катышат. Экөө тең 100 килограммдан жогору салмакта күч сынашып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык эки дзюдочу Zagreb Grand Prix эл аралык мелдешине катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Токио Олимпиадасында ыйгарыла турган медалдар көрсөтүлдү. Өзгөчөлүгү
Маалыматка ылайык, турнир 26-28-июль күндөрү Загреб (Хорватия) шаарында болот. Ага чейин дзюдочулар Голландия шаарында бир жумалык машыгуу өткөргөнү айтылат.

Турнирге Юрий Краковецкий менен Болот Токтогонов катышат. Экөө тең 100 килограммдан жогору салмакта күч сынашып келет. Спортчуларды машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.

Командага Спорт агенттиги тарабынан 608 миң сом бөлүнгөн.